Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстандык экениме сыймыктанам

    Токтогул райондук билим берүү бɵлүмүнɵ караштуу  Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейинин ийрим жетекчиси Батырканов Эркин Батырканович  «Кыргызстандык экениме сыймыктанам»  (Жоокер ыры) кароо сынактарына даярдаган окуучулары райондук, областтык, республикалык этаптарында баш байгени жеӊип алгандыгы үчүн жана 3-классынын окуучусу Абдымамытов Мирэл  Республикалык деӊгээлде жарыяланган  «жоокер ыры» аскердик атуулдук ырлардын 5-респубикалык кароо сынагынын «корком окуу» республикалык этаптарында  баш байгени жеӊип алгандыгы үчүн Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейи ачык линейка болуп,  Токтогул райондук билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова жана  Токтогул райондук профсоюз комитетинин тɵрагасы Т.Исраилов  барышып куттуктап мындан дагы жакшы окуусуна чоӊ- чоӊ ийгиликтерге жетүүсүнɵ калоо тилектерин айтышып профсоюз комитети тарабынан   Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.