Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата «Ден –Соолук 2016» Токтогул райондук билим берүү кызматкерлеринин спартакиядасы.

    Үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап  Токтогул райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан уюштурулган мугалимдердин спартакиадасы башталды. Мугалимдер спартакиадасында ар бир билим берүү мекемелеринин кызматкерлери спорттун беш туру боюнча өз мекемелеринин  намыстарын коргошту.Финалдык оюндар 24-марттан 26-мартка чейин созулуп жеӊүүчүлөр аныкталат. Жеӊүүчүлөргө Токтогул райондук профсоюз уюму тарабынан грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеӊуүүчүлөр областтык мугалимдердин спартакиадасына Токтогул районунун намысын коргогону даярданууда. Областка барып келүүгө   Токтогул райондук профсоюз уюму толук демөрүүчүлүк көрсөтүүдө. 

Финалдык катышуучулар жана профсоюз уюму.

Волейбол боюнча эӊ мыкты чабуулчу наамын алган №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин профсоюзунун төрагасы, дене тарбия мугалими Кадыров Чынгызга грамота тапшыруу учуру.

Шахмат жана теннис боюнча биринчи орунду алган №1 Токтогул атындагы орто мектебинин жеӊүүчүлөрү менен.

Финалга чыккан кыздар командалары менен

Балдар арасындагы финалдык оюн учуру