Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз-өзбек достугу - көңүлдүү саякатка шарт түзүүдө

ОГПИде ар жылы окуу жылды жыйынтыктап жатып мыкты студенттерге стимул берүү максатында ар тараптуу жетишкен алдыңкы студенттерди саякатка жөнөтүү, алардын маданий эс алуусун камсыздоо салка айланган. Мына ушунун алкагында быйылкы окуу жылында да жыл ичинде спорт жаатында окуу жайды дүйнөгө тааныткан спорт чеберлерин, чыгармачылык багытта ар тараптуу, таланттуу жаштарды, окуунун эң мыктыларын, жаш илимпоздорду жана түрдүү багыттагы конкурстардын жеңүүчүлөрү болгон студенттерди аталган өлкөнүн тарыхый ордолору болгон Андижан, Ташкент жана Самарканд шаарларына институтун эсебинен саякатка жөнөтүлдү. Мында студенттер бул аймактардагы бир топ тарыхый музейлерге, орхеологиялык жайларга, тарыхый улуу инстандардын күмбөздөрүнө, мечиттерге, өзгөчө архитектуралык жасалга менен курулган имараттарга, маданий борборлорго жана окуу жайларга кыдыруу менен өзбек элинин маданияты, салт санаасы, үрп-адаты, тарыхы, жашоосу менен  жакындан таанышып келишти.