Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз тил майрамы

     Ат-Башы районунун мектептеринде 2020-жылдын 23-сентябрь күнү кыргыз тил күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү. Ар бир мектепте Кыргыз тил күнүнө карата иш пландар түзүлүп иш пландын негизинде иш чаралар уюштурулду.  "Тилим менен улутмун",  "Кылым кезген эне тили", "Элибиздин түбөлүктүүлүгү эне тилибизде", "Кыргыз тили Манастын тили", "Улут наркы улуу тил" ж.б деген темаларда онлайн түрүндө тарбиялык сабактар өткөрүлдү. Мектеп китепканаларында "Кыргыз тилим өчпөс дилим" "Элдин өмүрү эне тилинде", "Эне тилдин ээси эл" ж.б темаларда сүрөт жана көргөзмөлүү бурчтар уюштурулуп, лекция докладдар окулуп, жат жазуу, дил баяндар онлайн форматында өткөрүлдү. Онлайн түрүндө эне тилин камтыган акындардын ырлары окулуп фото отчеттор тартылып, ар бир мектепте кыргыз тилин даӊазалаган материалдар даярдалып уюштурулду.