Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди биз жаштарга жакынкы келечек үчүн багыт берди

2020-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VII съезди  болуп өттү.                 

Анда республика боюнча жалпы тармактык профсоюздан 120 делегат катышып, алардын 35 % жаштар түздүк.

Съезддин жүрүшүндө Борбордук Комитеттин  төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жана текшерүү комиссиясынын төрагасы Урбаев Улан Шаймергеновичтин өткөн  5 жылда аткарылган иштер жөнүндөгү отчету угулду.

Делегаттар тарабынан 5 жыл аралыгында  Борбордук Комитет тарабынан аткарылган иштер “канааттандырарлык” деп бааланды.

Борбордук Комитеттин 2017-жылдын 11-апрелиндеги Президиумунда бекитилген “Жаштар Кеңеши жөнүндөгү” жобосу тармактык профсоюзда жаштар иштерин ишке ашырууда, жаш адистердин эмгек укуктарын коргоодо, колдоодо, социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө өбөлгө түзүүдө.

Атап айтсак, биз жаштар тарабынан сунуш кылынган демилгелер, сунуштардын ар дайым колдоого алынып келе жаткандыгы, съездге барган жаштардын 35% жаштардан болушу, менин жумушчу президиумга мүчө катары жетекчилер, академиктер, КРнын билим берүү тармагына эмгек сиңерген, “Билим берүүнүн мыктысы, “Профсоюздун мыктысы” наамдарынын ээлери, ардагер агай,эжейлер менен бир катарда отурушум, жаштардын атынан сөз сүйлөп, өз оюмду айтуу мүмкүнчүлүгү берилгендиги Борбордук Комитет тарабынан жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын айгинелейт. 

Андыктан Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичке, Жалал-Абад обкомунун төрагасы Абдукахар Араповичке терең ыраазычылыгымды билдирем.

Ошондой эле Асылбек Токтогуловичти кайрадан Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы болуп бир добуштан шайланышы менен Жалал-Абад обкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин жана Ноокен райкомунун жаштарынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Сизге бекем ден-соолук, үй бүлөңүзгө тынчтык, амандык, иштериңизге ар дайым ийгиликтерди каалайбыз.

Сиздин ачыктыгыңызды жана тактыгыңызды биз жаштар баалайбыз.

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

VII съезддинин делегаты,

Жалал-Абад облусунун Ноокен  райкомунун

Жаштар Кеңешинин төрагасы Т.Бакиров