Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылды

2023-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын салтанатуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарада өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө үзүрлүү салымдарын кошуп  келе жаткан педагогдор, жазуучулар, дарыгерлер, инженерлер  жана  жаңы заманбап тармактардын адистери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү, билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн  КР Президентинин Жарлыгы менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигигин  Нарын райондук комитетинин  төрагасы Курманкожоев Муканбетаалы Жунушалиевичке “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылды.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары М.Курманкожоевди “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы менен куттукташат  жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашат.

 

Маалыматты даярдаган:  КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети