Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илими министри Баткенде

2021-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайын таштап качып чыгышкан, учурда Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак интернатында жайгашкан тургундар жана аларга камкордук көрүп жатышкан гимназиянын жамааты менен жолугушуп, алардын жашоо-шарты менен жеринен таанышып чыкты.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы Авазбек Бердиев Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү өрттөлгөн "Максат" орто мектебин, "Сейтек", "Максат" балдар бакчаларын көрүшүп билим берүү кызматкерлери менен жолугушту. Анда маселелерди жеринен ыкчам чечүү, имараттарды куруу, оңдоп-түзөө боюнча маселелери талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жеемуратов, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы Авазбек Бердиев Кулунду, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мектептердин да абалы менен таанышышты. Ошондой эле, алар №3 эксперименталдык гимназияда да болушуп, эмгек жамааты менен жолугушту.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райКБКнын төрагасы А.Бердиев