Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, университеттин ачылгандыгынын 30 жылдыгына карата 100 иш чара долбоорунун алкагында  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу жана улуттук баш кийим-Ак калпак күнүнүн урматына кесиптик бирликтин жаштар кеңеши жана студенттик кесиптик бирлик бюросу студенттердин арасында мекенчилдик, улуттук символикаларды даңазалаган флешмоб өткөрүшүп, атайын видеоролик түзүштү. Универсиеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы, студенттер шаардын көчөлөрүн бойлоп жөө жүрүшкө чыгышып, борбордук аянтта уюштурулган митингге катышышты.

Ал эми Э.Уметов атындагы педагогика факультетинин тарых кафедрасынын жамааты  “Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!”-деген аталышта университеттин деңгээлинде салтанаттуу иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Маткаримова, маданий эстетикалык борбордун жетекчиси Р.Шайымкулов, тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты доцент Г.Анарбаева катышышып, куттуктоо сөз сүйлөштү. Тарых кафедрасынын жамааты тарабынан жүргүзүлгөн иштер жана ийгиликтер, бир катар майрамдардын тарыхы боюнча маалыматтар камтылган слайд коюлуп, кыргыз элинин улуттук баш кийимдеринин өзгөчөлүктөрүн жана кандай шарттарда кийилишин баяндаган көргөзмө болду.

Студенттер залда олтурган көрүүчүлөр менен Кыргызстандын тарыхы боюнча суроо-жооп уюштурушуп, туура жооп берип, жеңүүчү болгондорго кызыктыруучу белектерди тапшырышты.

Таланттуу студенттер жеке номерлерди аткарышып, кыргыз элинин жана чыгыш элдеринин бийлерин бийлешип, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту жана активдүү катышкан студенттерге сертификаттар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети