Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Эл мугалими, Чүй университетинин президенти, академик Султан Мамбеткалиевдин 75 жылдыгына карата

Кыргыз Эл мугaлими, чыгaaн инсaн Султaн Мaмбеткaлиев!

Кайран гана Султан агай, аман жүрсө, бул күндөрдө, бар болгону 75 гана жашка толмок экен! Кайран киши дебейсиңби! Береги биздин зобололуу доктурбайлардын биринин: “Эр ортону – 80 жаш” деп айтып жатканын кулагым чалгандай болгон. Аны эске алсак, Султан агай эр ортону дечү жашка дегеле жакындай электе кете берген турбайбы. Дагы далай жыл жашаса болмок экен, атаганат. Агайдын болсо, мүрзөсү чым алып, Кыргыз билим берүү системасынын бул кайратман, көк, устат адамдын жоктугуна көнүп бүткөнү качан…

Сулайман Кайыпов

 

 

 

Кыргыз Эл мугалими, Чүй университетинин президенти, академик

Султан Мамбеткалиевди эскерүү.

 

2018-жылдын 29- майында Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылында Кыргыз Эл мугалими, Чүй университетинин президенти  Султан Мамбеткалиевди эскерүү күнүн өткөрүлдү. “Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин” деп айтылгандай Султан Мамбеткалиевдин эл үчүн жасаган иши, билим, илим системасына кошкон салымы зор экендиги өзү туулуп өскөн жерине гана эмес Орто Азия, КМШ өлкөлөрүнө дагы кеңири таанымал экендиги талашсыз. Ошол себептен  Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун демилгеси менен агайдын бейнесин  ардактап эскерүү уюштурулду. Эскерүүгө Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов , Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин  техникалык инспектору Б.Кадыркулов, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Кибираева, Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже, Султан Мамбеткалиевдин бир тууганы Турат Абдылдаев, Султан Мамбеткалиевдин уулу Нурлан Мамбеткалиев, Чүй облусунун Чүй, Кемин, Ысык-Ата, Алмүдүн районунун, Токмок шаарынын  профсоюз комитеттеринин  жетекчилери катышышты. Эскерүү Кегети айылына кире беришинде Султан Мамбеткалиев уюштурган “Эне багы” паркындагы энелерге тургузулган эстеликке куран окуудан башталды. “Эне багы” паркынан кийин Султан Мамбеткалиевдин күмбөзүнө келип куран окулду,  Кегети айылынын чок ортосуна жайланышкан “Ысмайыл” паркындагы Султан Мамбеткалиевдин эстелигине гүл коюулду.  Кегети айылындагы Ө.Исаев атындагы орто мектебинин тарых музейинде Султан Мамбеткалиевге арналган материалдар менен таанышуу жана мектептин окуучулары Султан Мамбеткалиевдин өмүрү, баскан жолу, кылган эмгектери жөнүндө айтып беришти. Эскерүү  мектептеги Султан Мамбеткалиевдин жубайы, уул-кыздары уюштурушкан автордук “Султан Мамбеткалиев атындагы кыргыз тили жана адабияты “ кабинетинде  улантылды. Ал жерде дагы куран окулуп Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин торагасы А.Токтогулов, Чуй-Токмок билим берүү болумунун башчысы А.Кибираева, Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже, Султан Мамбеткалиевдин бир тууганы Турат Абдылдаев  тарабынан агайдын кылган эмгектерин, басып откон жолу, артында калган мурастары жонундо сөздөр айтылды. Эскерүүнүн аягында Султан Мамбеткалиевдин жубайы Бурмакан эже Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин торагасы А.Токтогуловго жана анын командасына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы                      Самат Наматов.

 

 

 

Саламатсыздарбы кадырлуу коноктор, айылдаштар.

«Алыска жеткен жебеси

Асылдар кенчи – Кегети»-дегендей

калкыбыздын кадырлуу карыясы Кегетинин "Бакай атасы" Султан агайыбыздын өмүр баянын, баласы өткөн жолу жөнүндө айтып өтүү биз үчүн чоӊ сыймык.

 

Бактыгул Чотурова 

Султан Мамбеткалиевге

Султан агай-агайлардын агайы,

Суктанышып ага жетпейт далайы.

Жыйырманчы жылды тосту Жаркырап,

Хан өргөдөй билимдин ак сарайы.

 

Чүй университет чүйгүн дешет көп киши,

Чүкөсү айкур түшүп турган кез го иши.

Агай үчүн ийгилик ксаноого,

Мол түшүмдү болуп өмүр кеч күзү.

 

Анда адамдык бар улуулук парасат,

Атына окшоп Султан экен карасак.

Профессор, академик, президент,

Кыскасы аны кандай десек жарашат.

 

Тамашакөй, сөздөрү курч жаркылдап,

Сүйүү толо жүрөгү бар, азыр жаш.

Аман жүрсүн дөөлөт менен көп жашап,

Аппак чачтын алдындагы алтын баш.

 

Кадыр-баркыӊ калбайт эч бир эл билбей,

Калыстыгы бардыгына теӊ бирдей.

Жете берсин сексен, токсон, жүз жашка,

Желке кашып, жетимишке жеӊдирбей !

 

            Бишкек тараптан айылга келе жатканда Ысык-Ата менен Чүйдү бөлүп турган сайга туш болобуз. Айланта тигилген бактын ортосунда элечек кийген Курманжан датка сындуу алакан жайып "Келегой жолоочум, Ак жолуӊ ачылсын !» – деп бата берип жаткан боорукер, мээримдүү эненин айкелин кезиктиребиз. Эненин айкелин орнотуп жагымдуу маанай тартулоо кимдин оюна келиптир ? Албетте Султан агайдын. 

 

Адыр беттеп мүдүрүлбөй, анын дыӊын буздуӊуз,

Абийирди Сиз бийик, ыйык-тунук туттуӊуз.

Алдыӊызга төшөлүп, көрө албаган неченди,

Акыл менен абийир менен, көктүк уттуӊуз.

 

Болор ишке көз жеткенде акыл калчап чечтиӊиз,

Болбосунан Кудай да болбос коркпой туруп кечтиӊиз.

Боор толгоп сиз кыйналган мүдүрүлгөн мезгилде,

Болгондорду жат болсо да бир туугандай сездиӊиз.

 

Сүйлөтүӊүз орусту да, «киргизди» да кыргызча,

Сүйрөдүӊүз окуу жайга жан киргизип турмушта.

Сүймөнчүлүк менен эске түшөр бир учур,

Сизден калган, Сиз тараткан, Сиз жараткан бир нуска.

 

         Султан агай тубаса мекенчил болгон. Жылга мектепке келип, окуучуларга белегин берүү менен элине дем, күч , умтулуу берип турар эле.

         Жылда 25-майда «Акыркы конкуроо» салтанатында 8 алдыӊкы окуучуга, 3 мугалимге «Мукай Сасыкулов» атындагы стипендиясын тапшырып кетер эле. Бул стипендияны азыркы учурда уул-келиндери улантып берип келет.

Жыпара Исабаева

Сиздей асыл адамдар көп болсо ээ?

(Султан Мамбеткалиев агайга)

Чымчып сүйлөп, кээ бирде күлдүрөсүз,

Чычалатып, чынды айтып күйдүрөсүз.

Тамашакөй алпейим мүнөз менен,

Баш ийдирип бардыгын сүйдүрөсүз.

 

Бир жаныӊыз кантип эх, үлгүрөсүз ?

Эсебизде мейли күн, түн жүгүрөсүз.

Көӊүл чөгүп, жан кейип турган кезде,

Бар азапты талкалап бүлдүрөсүз.

Жанга кубат берүүчү сөздөр менен,

Бул жашоону кайрадан сүйдүрөсүз.

 

Бир-бирине адамдар өз болсо ээ,

Жакшы гана ой-тилек сөз болсо ээ ?

Жан кыйналган кездерде колун сунган,

Сиздей асыл адамдар көп болсо ээ ?

Жакшы адамдар жакшы иштер менен аттиӊ,

Төгөрөгү дүйнөнүн төп болсо ээ ?

                     Султан агай – бул туршумшуктун азап-тозогун, ырахаттуу күндөрүн башынан кечирген табышмактуу инсан болгон. Ал үчүн падыша ким, айылда топуракта оонап ойноп жаткан наристе бала ким ? – баары бирдей, ал падышага жолукканда ага кандай салам берсе, айылга келгенде жаш балдар менен дал ушундай учурашчу. Аны айыл адамдары ар дайым сагынып күтүп турушчу.

                   Султан агай «Кыйынчылыктарды жеӊе билген адамдын өмүрү мазмундуу да, маӊыздуу да болот» - деген экен. Алп акын Алыкул Осмонов : «Артыӊда  атыӊды айтар жаштар калсын» - деп жазып калтыргандай, ушул мектептин окуучулары Султан агайдын эмгегин баалай турган жаштардан болуп чыгалы.

Нажмите, чтобы Ответить, Ответить всем или Переслать