Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстандын чемпиону -Дилшат Атабаевтин жаркын элесине арналган турнир

         Ноокен  районунун  борбору  Масы  айылында  жаңыдан ишке берилген  спорт  мектебинин  имаратында  2016-жылдын 26-28-октябры күндөрү  Кыргызстандын  чемпиону,  Масы  айылдык  Кенешинин  депутаты  Дилшат Атабековтун жаркын элесине  арналган  республикалык  турнир  болуп  өттү. Иш-чараны  ачылышында Ноокен райондук  мамлекеттик  администрациясынын аппарат жетекчиси  М. Сулайманов,  Жалал-Абад  облустук  спорт  мектебинин   директору  Г.Т.Джаркынбаева,  райКБКнын тескөөчүсү  А.Айдаров, Масы  айыл Өкмөтүнүн  башчысы  М.Б.Маматовтор  сүйлөп, Д.Атабаевти патриот  спортчү, эли үчүн ак эмгек  кылган  депутат катарында эскеришип, жаш  палбандарга  жеңиштер  каалашты.Турнирди  өткөрүүгө  Масы  айыл  Өкмөтү  демөөрчүлүк  кылып, айылдык  Кенештин  депутаттары жакындан  көмөк  көрсөтүштү. Турнирдин  жыйынтыгында  1-орунду  Жалал-Абад  шаары, 2-орунду  Кочкор-Ата  шаары, 3-орунду  Ноокен  районунун  командалары ээлеп, атайын  белектерди райБББнун  башчысы  Б.С.  Козуев   тапшырды. 

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү  -А.Айдаров.