Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл - Кыя шаарындагы жайкы эс алуулар

 

Кызыл-Кыя шаарында миӊден ашык профсоюз мүчөлөрү эмгектенет. Быйылкы жайкы эс алуу учурунда профбюждеттен "Ала-Тоо" эс алуу үйүндө беш күн эс алуулары үчүн акча каражаты бөлүнүп, мугалимдер эс алышып ден соолуктарын чыӊдап кайтышты  Мындан тышкары ар бир эмгек жамаатына бир күндүк эс алуулары үчүн профбюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилди. Жергиликтүү бюджеттен  балдардын жайкы эс алуулары учун 400 000(төрт жүз миӊ) акча каражаты бөлүнүп, шаардагы аялуу үй бүлөөнүн  100 баласы анын ичинде 20 мугалимдердин балдары "Апшыр-Ата" балдардын ден соолугун чыӊдоо борборунда эс алышты.

  27-август күнү шаардагы 132 мектептин директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары жана эсепчилерине педстажды аныктоо, зыяндуу иш орундарын аттестациялоо поцедураларын аларга тиешелүү КРнын токтомдору, ошондой эле дем берүүчү фонд деген эмне, жана ага тиешелүү Өкмөттүн токтомдорун таркатма материал катары таркатылып берилип, тарификация түзүү учурунда пайдаланууну сунушталды.