Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Куттуктоо аземи

     2017- жылдын 13- апрель күнү Кант шаарындагы А. Тойтоев атындагы маданият  үйүндө облустук жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Жеңүүчүлөргө Ысык- Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Кожомкулов Калмырза Медеркулович, тийешелүү айыл өкмөттөрү жана Чүй облустук библиотекасынын мүдүрү Каджиева Т.С.  тарабынан окуучуларга жана мугалимдерине акчалай сыйлык, ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Быйылкы окуу жылында облустук олимпиадада Ысык- Ата районунун 21- окуучусу байгелүү орундарга ээ болуп. Командалык зачет боюнча Ысык- Ата району  Чуй облустук олимпиада  2- орунга ээ болду. Анын ичинен 8- окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алышкан. Республикалык олимпиададан Чуй облусту боюнча 12 байгелүү орун болсо, Ысык-Ата районунан:

1- орундан  3 окуучу

2- орундан  2- окуучу

3- орундан  1- окуучу  ээ болушту.

         Салтанатту аземде райком профсоюздун төрайымы Тыныбекова Б.К. куттуктоо сөзүндө республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн мугалимдерине жайкы каникул мезгилинде Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо бериле турганы жөнүндө Президиум чечим кабыл алганын маалыматтады.

Сыйлоо аземи концерттик программа менен жыйынтыкталды.