Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жаны мектептин ачылышына катышты

            Ноокен районуна караштуу Масы айыл өкмөтүнүн Масы айылында 2017-жылдын                         27- февраль күнү жаны мектептин курулуш иштери башталып, 2018-жылдын 11-январь күнүнө толук бүткөрүлүп, социалдык жатак - мектептин  ачылышы  болуп өттү.   Масы айыл өкмөтү тарабынан орто типтүү 160 орундуу мектептин курулушу үчүн 1 га  жер аянты бөлүнүп берилген.  Мектептин курулуш сметасы  35 млн. сомду түзүп, сметада мектептин ашканасы, банясы жана 110 орундуу жатаканасы кошо каралган. Курулуш Кувейт мамлекетинин “Аль-Ас-Салам” кайрымдуулук Фонду тарабынан толук  каржыланган.

           Ачылыш аземге  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым  укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек  Урмаматович , Ноокен райондук  администрациясынын башчысы-аким Маматаев  Эркинбек  Садырбекович,  Кыргызстандагы  “Аль-Ас-Салам”  коомдук  кайрымдуулук  Фондунун  төрагасы Миңбаев  Нурмухаммед  Башхидинович, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыкович , Масы айыл өкмөтүнүн башчысы  Эшенкулов Жаныбек Турдумаматович жана  райондогу  ишкана - мекемелердин  жетекчилери,аксакалдар, айылдын тургундары катышышты.

          Облус  жетекчиси  Ноокендиктерди   куттуктап,  мектептин   курулушун   толук  каржылаган   Фонд   жетекчилигине ыраазычылык  билдирди. Фонд жетекчиси   сүйлөп,  мектеп азыркы  заман  талаптарга  ылайыкташтырылгандыгын айтып өттү.  Ноокендиктер  Фонд  жетекчилигине, облустун, райондун  жетекчилерине   ыраазычылыктарын  билдиришип,  кызматтарында  ийгиликтер,  бекем  ден-соолук  каалашты.

Материалды даярдаган Ноокен рай КБКнын

                                                     тескөөчүсү Т. Бакиров