Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КӨП ОКУГАН, КӨП БИЛЕТ...

    4-апрель ОГПИнин  Музыкалык-педагогикалык факультетинде “Көп окуган, көп билет” деген аталышта атайын жаштарды китеп окутууга кызыктырууга багытталган саамалык болуп өттү.

    Иш-чарада факультеттин окутуучулары катышуучуларга, китеп окуунун айрым усулдарына токтолуп, “Канткенде адам  - кызыгуу менен китеп же чыгарма окуйт?” мына ушундай суроолордун үстүндө сөз козгошту. Ошондой эле студенттер тарабынан  мыкты чыгармалардан үзүндүлөр окулуп, жалпы катышуучулардын ой толгоосун козгогон, таасирлүү  талкуулар да жаралды. Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу тарабынан теманын үстүндө кыска баяндамалар жасалып, активдүү катышкан студенттерге белектер ыйгарылды.

    Бул саамалык жаштарыбызды китепти сүйүүгө, окууга  чакыруу максатында, аталган факультеттин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Мусаканова Майрамкан эжеке тарабынан уюштурулду.