Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Кѳп тилдүү мектеп-ийгиликке карай жол!»

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  Кыргыз Республикасында кѳп маданияттуу жана кѳп тилдүү билим берүү Концепциясы менен Программасы иштелип чыгып, бекитилген. Ал эми 2011-жылдан баштап  Социалдык интеграциялар борбору тарабынан БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ)  жана БУУнун Тынчтык орнотуу борборунун колдоосу менен кѳп тилдүү билим берүү программасы  Республиканын айрым мектептеринде ишке ашырыла баштаган.  2014-жылы  бул программага биздин райондон Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы жана Ш.Рысмендеев атындагы орто мектептери кирип, иш жүргүзѳ башташты.

Бул мектептер  «Кѳп тилдүү мектеп-ийгиликке карай жол!»  аттуу  Республикалык сынакка катышып, жыйынтыгында  Ш.Рысмендеев атындагы орто мектеби биринчи орун алып, «Мектеп-кѳп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук методикалык борбор» сертификатына  ээ болуп, мультимедиалык проектор, лазердик  мультифункционалдык принтер, А3 форматындагы ламинатор алышты.  Мындан тышкары Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалимдери Б.Тилекматова, А.Чынасылова, Ф.Калмамбетова, С.Исмаиловалар жана Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин мугалимдери Б.Кожокматов, Ж.Сатыбалдиевалар  методикалык иштелмелер боюнча алдыңкы орундарга ээ болушуп,  баалуу белектер менен сыйланышкан.

Кочкор районунда 4-май күнү бул мектептер облустук семинар ѳткѳрүшүп, предметтер аркылуу экинчи тилди үйрѳтүүнүн куралы катары колдонулуучу  CLIL методу аркылуу  окуучулардын башка тилдерди  ѳздѳштүрүү ыкмалары ѳнүгүп, сүйлѳѳ маданияты калыптанып,  ѳздѳрүн кѳп тилдүү чѳйрѳдѳ эркин сезишип, эне тили менен байланышын жоготпостон, дүйнѳлүк тилдердин биринде билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейип,  келечекте ар кандай кесиптик чѳйрѳдѳ иштѳѳ үчүн мүмкүнчүлүгү артарын  кѳргѳзүп, түшүндүрүп беришти.