Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кош студенттик курак!

Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда окуу жайды аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн салтанаты болуп өттү.  Бул тууралуу окуу жайды маалымат кызматы билдирет.

Салтанаттуу кече институтуттун чоң залында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн, жетекчиликтин катышуусунда болуп, анда ректор   Бекмурза Зулуев   бүтүрүүчүлдү майрамы менен куттуктап, аларга  ак жол каалап өттү. Ошону менен бирге  окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары  өлкөнүн баардык аймактарында ОГПИнин  атын  бийик  чыгарып, татыктуу эмгектенээрине  ишенимин  билдирди.

Салтанатту кеченин журушундо  окууну артыкчылык менен аяктаган улун- кыздарга ардак грамоталар жана ата-энелерине ыраазычылык баракчаларды окуу жай жетекчиси  тапшырды. Кечени улай  окуу жайды ийгиликтуу аяктаган ,чыгармачыл жаштар тарабынан концерттик программа коюлуп,  студенттер жандуу үн менен окуу жай, жаштык, студенттик  күндөр тууралуу ырларды аткарышты.

Материалды даярдаган:

 Кубаныч Жылкычы уулу