Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кош майрам белгиленди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети Мекенди коргоочулардын күнүн жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамы белгиледи.

Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Зайитов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов иш чаранын катышуучуларын майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш чарага билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан агай-эжейлер чакырылып, баалуу белектер менен  сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети