Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коомдук инспекторлордун тузуму уюштурулду.

2016-жылдын  1-февралында Билим,  илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин президиумунун  кенешмеси  болуп,  анда  төмөнкү 7  маселе  талкууланды.

1.Райондук  комтеттин  2016-жыл ИШ  ПЛАНЫН   бекитүү.

2  Билим, илим  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин 1-Пленумунун №1/4 11.09.2015-жыл  токтому менен бекитилген “Аймактык  профсоюздук  уюм”  жөнүндөгү жаңы  Жобосуна ылайык райондук   комитеттин  РЕГЛАМЕНТИН  бекитүү.

 3.Райондук  комитеттин   2016-жыл  СМЕТАСЫН  бекитүү.                                                    

4.Райондук  комтеттин кезектеги  2-ПЛЕНУМУН  чакырүү  жөнүндө                       

5.Борбордук  Комитеттин Президиумунун 23.12.2015-жыл  №3/5 токтому  менен бекитилген   “Профсоюздук  мүчөлөрдүн   социалдык  колдоолорун  мыкты  уюштурган  профсоюздук  комитет”    урааны  астында өкөрүлүүчү республикалык  кароо-сынактын  райондук  турун  уюштуруу  жөнүндө.                                                           

6. Эмгекти  коргоо боюнча  коомдук  башталышдагы  техникалык  инспекторлордун  тузумун  уюштуруу  жөнүндө.                                                                                                                    7.Билим,илим  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  29-январь  2016-жыл күнү  өткөрүлгөн Президиумун  токтомдорун  ишке  ашыруу  жөнүндо.

     Кун тартибиндеги  1-4 маселелер боюнча   райондук  комитеттин  төрагасы  К.Нышанов слайддар менен  билдирүү жасады. Маселелер  президиум мүчөлөрү  тарабынан  кызуу  талкууланып,  тийишту  токтомдор  кабыл  алынды.

     5-6 маселелер боюнча  райондук  комитеттин  укук  жана   эмгек  боюнча инспектору  А. Айдаров маалыматтар  берип, төмөнкүлөрго  токтолду.                                                                    

    5-маселе боюнча Борбордук  Комитеттин Президиумунун 23.12.2015-жыл  №3/5 токтому  менен бекитилген     “Профсоюздук  мүчөлөрдүн   социалдык  колдоолорун  мыкты  уюштурган  профсоюздук  комитет”    урааны  астында өкөрүлүүчү республикалык  кароо-сынактын  райондук  турун  уюштуруу чараларын белгилеп өттүү. Райондук  турдун  өткөрүүнун  иш-  чаралары  бекитилди.

    6-маселе боюнча  Эмгек Кодексинын 409- беренсине, “Профсоюздар  жөнүндөгү”  мыйзамдын 14-беренесине, “Эмгекти Коргоо”мыйзамын 19-бернесине,  КПФнын  Кенешинин Президиумунун №15-1  27-май 2011-жыл  токтому  менен  бекитилген  “Кыргызстан  профсоюздарынын эмгек боюнча техникалык  инспекциясынын  ЖОБО”сунун  4.12  пункутуна негиз  коомдук  башталышта эмгек боюнча техникалык инспекторлордун  тузумун  уюштуруу сунушун киргизди. Сунуш  колдоого  алынып  бекитилди.

    7-маселе боюнча  боюнча   райондук  комитетин  төрагасы  К.Нышанов  маалымат берип,  облустук  президиумдун  токтомдорун  ишке  ашыруудагы  райондук  комтеттин  милдеттерине  токтолду.

Президиум  кенешмеси кун   тартибиндеги  маселелер боюнча   тийиштүү  токтомдорду  кабыл  алды.

Даярдаган,

Билим,  илим  профсоюзунун  Ноокен райондук  комитетинин укук  жана эмгек  боюнча   инспектору-А.Айдаров.