Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коомдук ишмердин элине жасаган эмгеги даӊазаланды

Ак-Суу районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинети тарабынан көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгынын урматына бир катар иш мерчемдер иштетилип чыгып,  райондун  баардык  билим  берүү  мекемелеринде   иш  чаралар  өткөрүлүп жатат.  Райондун бардык мектептеринде, бала бакчаларында мааракеге карата класстык сааттар өтүлүп, коомдук ишмердин өмүр баяны, басып өткөн күжүрмөн эмгек жолу менен таанышышты.

Мисалга алсак, райондогу  М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясында Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу боюнча рефераттар жазылып, буклеттер чыгарылды. Жогорку класстарда дилбаяндар жазылды. Т.Искаков атындагы жалпы орто билим берүү  мектебинде дагы алгылыктуу иштер алынып барылды. Дубал газеталар илинип, класс жетекчилер доклад даярдагандан тышкары   мектептин музейине жана китепканага атайын бурч уюштурулду. Коомдук ишмердин өмүрү, ишмердиги тууралуу слайд көрсөтүлүп 90 жылдыгына мектеп окуучулар арасында спорт оюндары уюштурулду.

Ал эми А.Сыдыкбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде тарых мугалими Кененсариева Элзат “Артында өчпөс из калтырган Султан Ибраимов” деген темада доклад жасады. Докладда коомдук ишмерди элине таза кол, аруу дил, ак кызмат өтөгөн улуу инсан катары окуучуларга таанытып, анын элине сиӊирген эмгегин көтөрүп чыгып Өлкөбүздүн Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан  “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамдын берилиши бүгүнкү күндүн талабына толук жооп берээрин да белгилеп өттү.

Жогоруда аталган иш-чараларга мектептердин профсоюздук уюмдары колдоо көрсөтүшүп, уюштуруу иштерине зор жардамдарды көрсөтүштү.

          

                                                                  Жибек Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.