Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коомдук фонд тарабынан “Атаке” аттуу иш-чара өткөрүлдү

2019-жылдын 30-март күнү Ноокен районунун Масы айылдык округундагы   №1 “Ак кайың” балдар бакчасынын базасында “Бирдей укук жана мүмкүнчүлүк” коомдук фонду тарабынан “Атаке” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Анда “Бирдей укук жана мүмкүнчүлүк” коомдук фондунун жетекчиси А.Эшиев, тренерлер -  Жалал-Абад  Мамлекеттик Университетинин мугалими тарых илимдеринин кандидаты, доцент  Г.Анарбаева, Жалал-Абад  Мамлекеттик Университетинин мугалими тарых илимдеринин кандидаты Н.Мырзабаева, франциялык журналистка Мари Алекс Детри, Ноокен райКБКнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров, Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси  А.Максуталиева, райондун аксакалдары жана балдар катышышты.

Иш чарада үй-бүлөдө болуп жаткан зордук-зомбулук, аксакалдардын коомдогу ролу жана орду, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу тууралуу талкуу болду. Андан сырткары сүрөтчү Татьяна Зеленская тарабынан тартылган “Атаке” аттуу кыска метраждуу мультфильм көрсөтүлдү. Бул иш-чара башка райондордо да улантылмакчы.

 

Материалды даярдаган:

№1 “Ак кайың” балдар бакчасынын башчысы

Б. Курбанова