Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция Өзгөчө өттү

2013-жылдын 23-август күнү  Өзгөн райондук жана Өзгөн шаардык билим берүү кызматкерлеринин август конференциясы болуп өттү. Конференцияда 2012-2013-окуу жылындагы  райондун билим берүү тармагында аткарылган иштер талкууланып, мугалимдердин жана окуучулардын жараткан ийгиликтери, жетишкендиктери белгиленди. Жаңы 2013-2014-окуу жылында билим берүү тармагынын  кызматкерлеринин аткара турган негизги милдеттери, ишке ашыруу  жолдору жөнүндө сунуштар айтылды. Конференцияга “ Ардагер мугалим”, “Чыгармачыл мугалим”, “Жаш мугалим” деген өзгөчөлөнгөн ленталарды тагынган ардагер, чыгармачыл жана жаш мугалимдер конференцияны өзгөчө шаңга бөлөдү.  Ошондой эле конференциянын катышуучуларын “Манас” жаштар уюмунун мүчөлөрү куттукташты.

Типтүү мектептер арасында М.Разаков атындагы жатак – интернаты, ыңгайлаштырылган мектептер арасында Т.Төлөнбаев атындагы орто мектеби райондук кароо - сынактын жеңүүчүлөрү болду. Ал эми  А.Таңатаров атындагы гимназиясы “Жыл мектеби – 2013”, “Наристе” балдар бакчасы “Инновациялык мыкты балдар бакчасы” номинацияларынын жеңүүчүлөрү болушту.

Алдыңкы мугалимдер жана кароо сынактын жеңүүчүлөрү Ардак грамоталар  жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Өзгөн РПК  нын    төрагасы:                     Мырзамидинов И.