Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция болуп өттү

2020-жылдын  23-декабрында  Кара-Кулжа  РПКнын   кезектеги  XVI отчеттук   кайра шайлоо  конференциясы  болуп өттү. Конференцияга  75  делегат  шайланган болсо, 73 делегат  катышты. Конференцияга  Ош  областтык  билим, илим   кызматкерлеринин  кесиптик  бирлик   комитетинин  төрагасы  С.Тойгонбаев, Кара-Кулжа  раймамадминистрациясынын  биринчи орун басары  М.Көкөев, Кара-Кулжа  РайБББнын  башчысы  А.Абдыкадыровдор  катышышты. Конференцияда  РПКнын  төрайымы  З.К.Сасыгулова  беш жылдык аткарган  иштери  жөнүндө  отчетун берди.  Отчеттук  мезгилде   аткарган  иштери жөнүндө   жарыш сөзгө  чыгып  сүйлөөчүлөр  тарабынан  канаттандыраарлык   деп  бааланып жана  анын талапкерлигин  кийинки  чакырылышка  сунушташты. Конференциянын  жүрүшүндө  профсоюздун  милдеттери,  анын кандай аткарылып  жаткандыктары  жөнүндө суроолор  берилип, жооптор  алынды.  Тармактык   уставка ылайык  түз  делегаттоо  жолу  менен  сунушталган  Пленум  мүчөлөрү шайланды. РПКнын  төрагасын шайлоодо З.К. Сасыгуловадан  башка дагы   эки  талапкер  көрсөтүлүп, шайлоо жабык  добуш   берүү жолу менен жүргүзүлүп,  жыйынтыгында  З.К. Сасыгулова  45 добушка , экинчи  талапкер  27 добушка, үчүнчү  талапкер  1 добушка  ээ  болущуп, 1 тур менен  добуш  берүү аяктады. Уставка ылайык  З.К. Сасыгулова  Кара-Кулжа  РПКнын  төрайымы  болуп  көпчүлүк  добуш менен  шайланды. Кайрадан  төрайым  болуп  шайланган З.К. Сасыгулованы  куттуктап, бекем ден-соолук, иштерине  ийгиликтерди  каалайбыз!