Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция болуп өттү

2019-жылдын 27-ноябрь күнү Өзгөн райондук  билим   берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  ХХVIII отчеттук кайра-шайлоо Конференциясы болуп  өттү.  Конференцияга Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бакышев жана баштапкы уюмдардан шайланган делегаттар катышты. 

Конференцияда райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик  бирлик  комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов 2014-2019-жылдар аралыгында райондук профсоюз комитети тарабынан  аткарылган иштер боюнча кеӊири маалымат берди.

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар акыркы жылдарда профсоюз тармагында кызматкерлердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоодо, ден-соолуктарын чыӊдоо, эс алууларын уюштуу жаатында алгылыктуу  иштер аткарылып жаткандыгын  белгилешип, райондук профсоюз комитетинин отчеттук мезгил ичинде алып барган ишине канааттандыраарлык  деген баа беришти.

Конференцияда райондук комитеттин  текшерүү комиссиясынын курамы, Пленум жана Президиум мүчөлөрүнүн жаӊы курамы  шайланды.

Ошондой эле Өзгөн  райондук билим  берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин  төрагалыгына И.Мырзамидиновдун талапкерлиги сунуш кылынып,  ачык добуш берүү менен  кайрадан төрагалыкка шайланды. 

Конференциянын аягында алдыӊкы профсоюз кызматкерлери Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Билим, илим профсоюздук кыймылынын отличниги» төш белгиси, Ардак грамоталары жана Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин Ардак грамоталары  менен сыйланышты.

 

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлик комитети.