Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция болуп өттү

Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин VI отчеттук – кайра шайлоо Конференциясы 2018 – жылдын  февраль айында Талас шаарында болуп өттү. Анда жалпысынан 66 делегат  шайланып, анын 65 делегаты Конференцияга катышышты.

            Конференцияда Талас шаары боюнча 2013 – 2017 – жылдарга жана Талас району боюнча 2017 – жыл үчүн тармактык комитеттин отчету, текшерүү комиссиясынын отчету угулуп, отчет канааттандырарлык деп табылды.

            Ал эми Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин төрагасын (төрайымын) шайлоо демократиянын принциптерине таянуу менен өттү. Төрагалыкка (төрайымдыкка) өзүн – өзү жана делегаттардын сунушу менен 3 талапкер көрсөтүлдү. Алар Нуржанов орто мектебинин социалдык педагогу Тыналиев Эрнис, Көк – Ой орто мектебинин директору Умарова Жаӊыл жана буга чейин билим берүү тармактык комитетинин төрайымы Фатима Батырбаева.

            Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин төрагасын (төрайымын) шайлоо чоӊ атаандаштыкта жабык добуш берүү менен өтүп,  жалпы 65 делегат катышты.  Бардык бюллетендер жарактуу деп табылып, анын ичинен 47 добуш Фатима Батырбаева, 13 добуш Жаӊыл Умарова, 5 добуш Тыналиев Эрнис ээ болду.

            Жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен Батырбаева Фатима Асанжановна Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин төрайымы болуп шайланды.

 

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Жуманалиев Татыбек Анарбекович