Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кочкор-Ата” санаториясында эс алуу

Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги мугалимдердин ден соолугун чыңдоого, бекемдөөгө жана эс алуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.

Жыл сайын “Кочкор-Ата” санаториясы менен келишим түзүлүп, жыл ичинде райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген агартуу кызматкерлери кезеги менен эс алышат.

Мугалимдер ал жерде ден соолугуна кам көрүп, эс алуу менен гана чектелбестен, ишке болгон кызыгуулары, эмгегинин бааланып жаткандыгына кубанышат.

Азыркы күндө “Кочкор-Ата” санаториясында алгачкы 8 мугалим эс алып жатат.

Бул иш мындан ары да колго алынып, үзгүлтүксүз улантылат.

 

Маалыматты даярдаган: Т. Бакиров - кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору