Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өкүмөттүн токтомдору аракетте

2019-жылдын  март айында Ош, Кара-Суу аймагында(зонасында ) жайгашкан № 77 Хамза а.о.м., № 118 Дадан Султанов атындагы негизги мектебинин  жана «Асилия» мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында 121 жалпы билим берүүчү мектептердин жана 73 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын  төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү.

Семинардын максаты: Мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын кааналарын заманбап жабдуу, иш кагаздарын жүргүзүү жана Зыяндуу жумуш орундары үчүн кошумча төлөмдөр боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелдеги №258 токтому жөнүндө кеӊири маалыматтарды жеткирүү.   

Семинарлардын жүрүшүндө ачык сабактар пландаштырылып,  кызматкерлердин катышуусунда маданий-масалык иш-чаралар  пландаштырылып жогорку деӊгээлде өттү. Семинарларга катышкан төрага, төрайымдар профсоюз каанасын түзүү, андагы иш кагаздарды жүргүзүү боюнча кеӊири маалымат алышып, өздөрүнүн баалуу кеӊештери менен ой бөлүшүштү. Мындан тышкары билим берүү мекемелериндеги ден-соолука зыяндуу жумуш орундарында  иштеген кызматкерлерге эмгек акысына кошумча акыларды төлөө кандай тартипте жүргүзүлөөрү жөнүндө  талкуулар болду, коопсуздук эрежелерин сактоо багытында мектептин жүргүзүп жаткан иш кагаздары, кызматкерлерди окуткан журналдары жана атайын уюшулган бурчу  жөнүндө  кызыктырган суроо-жооптор  менен жыйынтыкталды.

 

Материалды даярдаган:

Жакыпов Памирбек