Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көл жээгиндеги эс алуу

   Ушул жылдын 30-июлунда Борбордук комитет тарабынан уюшулган Талас районунан, Жумгал районунан, Ат-Башы районунан чогулган 40 адамдан турган профактивдердин 5 күнгө созула турган эс алуусу башталды. Көл жээгиндеги эс алуу көнүлдөгүдөй болууда.Лидерлер тарабынан окуу семинарлары өткөзүлүп, профкомдордун кызыккан суроолоруна жооптор берилүүдө. Мындан тышкары маданий оюн - зоок иш чаралары уюштурулуп, спорттук мелдештер өтүүдө. Профактивдердин жамааты көл жээгиндеги маданий борборлордо болуп, руханий дүйнөлөрүн байытууда. Борбордук комитет тарабынан уюштурулган бул эс алууга профактивдер чексиз ыраазычылыгын билдирүүдө.