Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көк-Таш айыл өкмөтү

Көк-Таш айыл өкмөтү

Ала-Бука районунун Кък-Таш айыл өкмөтүндөгү № 31 Исаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине айыл өкмөтү тарабынан 24 милион сом каралып заманбап мектептин курулушу аяктоонун алдында турат, жаңы мектептин курулушу беш кластык бөлмө, усулкана ,ашкана жана спорт сарайы кыздар ,балдар кийинип чечинүүчү бөлмөлөрдүн турат. Мектепти жылытуу үчүн от жагуучу жабдыктар ошондой эле жаңы ажаткана бүткүрүлүдө. 17.09. 2020-ж. Жаңы мектептин курулушун райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев келип көрүп мектептин жаңы директору Дурусбек Кызы Айпери менен биргеликте таанышты. Мектептин эски имараты да азыркы учурдун талабына жараша оңдоо иштери жакшы бүткөрүлгөндүгүн көрүп төрага насип этип жакынкы күндө жаңы мектепке кирсеңер эски корпустун бир бөлмөсүн мугалимдер үчүн эс алуу каанасы кылып берүүнү директорго сунуштады. Мектеп директору жаңы мектертин ачылуу аземинде райком профсоюз тарабынан телевизор белек берсеңиз мугалимдер үчүн эс алуу бөлмөнү уюштуруу мектеп жааматы менен бүткөрөбүз сунушуңузду аткарам деп жообун берди.Төрага мектеп жааматына калоолорун айтып жаңы мектептин бүтүшүнө жаңы ийгиликтер коштой берерине тилектештигин билдирди.

 

 

Исаков атындагы жалпы

билим берүүчү орто мектебинин

кесиптик уюмунун төрайымы: Манасова Сайракан Асылбековна.