Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Китеп – улуу ойлордун жана акылдын жыйындысы

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата мектеп жетекчилиги жана кесиптик бирлигинин уюштуруусу менен башталгыч класстар арасында «Китеп менин жан досум» деген темада кароо сынак уюштурулду. Бул сынакта ар бир мугалим өз класстарында китептин баалуулугун чагылдырышып, көркөм окуу, китеп жөнүндө ырларды айттырышып, көргөзмөлөрдү уюштуруп беришти. Бул иш-чара жаш муундарга китептин улуулугун даңазалап, билим алууга кызыгуусун күчөтүп, жакшы таасирин берет деп айтсак болот. Натыйжада жакшы уюштурган класстарга тиешелүү орундар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы.

Маалымат иретинде белгилеп кетсем, бул күн Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.  

 

Маалыматы даярдаган: Кесиптик бирлигинин төрайымы Н.Сейдилова