Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Китеп сүйүүчүлөр майрамы

2021-жылдын 22-апрелинде, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө чоң жаңылык 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү жана автордук укук күнүнө - чоң майрам БЧҮнүн “Токуу” ийриминин жетекчиси Токтокан Чокоеванын "Тагдыр күзгүсү" китебинин бет ачары туура келгени баарыбызды кубандырды. Шаардык китепкананын чоң залында "Тагдыр күзгүсү" китебинин бет ачарына шаарыбыздын вице-мэри Г.О.Сатарова, аппарат жетекчиси А.Т.Анарбаева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, профком төрайымы А.Каракозуева,  шаардык билим берүү бөлүмүнүн мекеме жетекчилери, автордун жакшы санаалаштары жана адабият сүйүүчүлөр катышышты.

Салтанатты Т.Чокоеванын  коллективи "Балдар чыгармачылык үйүнүн" жетекчиси  Г.К.Бердимуратова баштаган мугалимдер, келген конокторго  3 сааттык адабий-музыкалык кечени тартуулашты. Бүгүнкү кечеде куттуктоо үчүн чыгып сүйлөгөн коноктор Т.Чокоеванын чыгармаларынан көркөм окушуп, адабий кечени көркүнө чыгарышты.

Ал эми Т.Чокоева китептин жаралуу тарыхына токтолуп, ал өзүнүн тагдыры менен байланышкан, тагдырдын сыноосунда сыналган "Бул менин 20 жылдык эмгегим, бул китеп бүгүн эле жазылган жок, китепте менин эле өмүр таржымалым эмес, мен туу туткан инсандардын өмүр жолдору, ошондой эле мага кайрылган, ыймандай сырын ачкан окурмандарымдын тагдыр күзгүсү, " – деп баса белгиледи.

Ооба, дал ошондой, бул китеп мезгил менен тең жарышкан тагдыр ээлеринин ачык-айкын айта албаган сырларын, алдыга койгон изги тилектерин, асыл ой-максаттарын ишке ашырган, кайсы жашта, кандай чөйрөгө кабылганына карабай, али да кеч эместигин чагылдырган – тагдыр күзгүсү.

Урматтуу, Токтокан Чокоева, калеминиздин сыясы кургабасын! Окурмандарыңыз бүгүнкүдөй көп болуп, ар дайым сиздин жакшы кеңешиниз жан дүйнөнүн дүрбөлөңүн унута калтырып, жакшылык гана ыроолосун!

Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Көл шаарпроф комитетинин төрайымы А.Каракозуева