Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кезектеги Пленум өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин Кара-Суу райондук комитетинин кезектеги Пленуму 2024-жылдын 28-февралында өткөрүлдү.

Пленумга билим,илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, аппарат кызматкерлери, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү  К. Тажибаев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Толтоева катышты.

Пленумда райондук профсоюз комитетинин 2023-жылы аткарган иштери боюнча маалымат берилип, чыгармачылык менен эмгектенип жатышкан билим берүү кызматкерлери Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, билим,илим кызматкерлеринин Ош облустук профсоюз комитетинин жана райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары, белектери менен сыйланышты.

Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Т.А.Абыкеевдин демилгеси менен 6 билим берүү мекемесине түстүү принтер,  1 мектепке компьютер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети