Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кезектеги отурум

19-мартта Каракол шаардык профсоюз комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга, баштапкы профсоюз комитеттеринин кайра шайланган төрайымдары чакырылган, негизги максат баштапкы профсоюз уюмдарынын иш таасирдүүлүгүн жогорулатуу, методикалык жардам көрсөтүү болду. Отурумдун күн тартибине коюлган маселелер,  шаардык профсоюз комитетинин VI конференциясында киргизилген сунуштар каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган соң профактивдер өз ара пикир алышып, көйгөйлүү маселелери, ар кандай суроолору менен кайрылышты. Отурумдун  ар бир катышуучусу өзүн кызыктырган суроолоруна жеткиликтүү жоопторду алып, учурдагы иш күнүндө баалуу кеп-кеңеш алганын айтып, ыраазы болушту.

 

Материалды даярдаган: Каракол шаардык профсоюз комитетинин бухгалтери Кудайбердиева Ж.