Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кезексиз пленумда – уюштуруу маселеси

       2017-жылдын 4-апрелинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райондук комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү.

       Анын ишине райкомдун 25 мүчөсүнөн 20сы катышты.

       Пленум райкомдун төрагасы Б.Калимбетовдун ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуп коюу жөнүндөгү арызын карап, аны канааттандырды.

       Б.Калимбетовдун төрагалык кызматты аткарууда чыгармачылык менен иштегендиги, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү алгылыктуу аракеттерин белгилешип, райкомдун мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, А.Навои атындагы орто мектептин директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими М.Кадыров, №6 Б.Осмонов атындагы орто мектептин профкомунун төрайымы М.Асановалар чыгып сүйлөштү.

       Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон райкомунун төрагалык кызматына буга чейин №42 К.Сооронбаев атындагы орто мектептин директору болуп иштеп жаткан, Пленум мүчөсү Жаркымбаев Сүйүнбек Сарыевичтин кандидатурасы сунушталып, бир добуштан колдоо тапты.

       Кезексиз пленумдун ишине билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош обкомунун төрагасы, Борбордук Комитеттин төрагасынын Түштүк аймагы боюнча орунбасары Тойгонбаев Сабыр Абдывапович катышты жана тармактык профсоюздун алдында турган милдеттер жөнүндө кеӊири сөз сүйлөдү.

       Пленумга Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исамаиловдор катышты.

       Пленумдун ишин А.Исмаилов алып барды жана корутунду сөз сүйлөдү.

Жаӊы төрага Жаркымбаев Сүйүнбек Сарыевич