Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кезексиз пленуму болуп өттү

2024-жылдын 9-февраль күнү Айтматов райондук администрациясынын жыйындар залында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин кезексиз Пленуму болуп өттү. Пленумдун ишине  Айтматов райондук администрациянын башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, Борбордук комитетинин аппарат башчысы Б.Кадыркулов жана Райондук ББББ С. Жарманбетова катышты. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Талас райондук комитетинин 19 мүчөсүнүн ичинен 17 мүчөсү катышты, кворм болуп пленум өз ишин баштады.

Күн тартибинде каралуучу маселелер

  1. Айтматов райондук комитеттин төрайымы Р.Абдыжапарова кызматтан бошотуу жөнүндө арызын кароо тууралуу.
  2. Кесиптик бирликтин Айтматов райондук комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
  3. Кесиптик бирликтин райондук комитетинин мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
  4. Кесиптик бирликтин райондук комитетинин президиумунун курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселелер каралып, төрайым Р.Абдыжапарованын кызматтан бошотуу жөнүндө арызы канаатандырылып, жаңы төраганы шайлоого талапкерлер катары Д.Жумабеков жана К.Барпиева көрсөтүлүп, жабык добуш берүү менен К.Барпиева-3 добуш алып, Д.Жумабеков-14 добуш алып, көпчүлүк добуш менен төрагалыкка шайланды.

      Андан кийин Айтматов райондук комитетинин мүчөлөрүнүн жана президиум мүчөлөрүнүн курамына толуктоолор киргизилип, көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, каралган маселелер каралып, Пленум ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети