Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кесиптик уюмдун мүчөлөрүн эмгектерин татыктуу бааланышына жетишейли!” темасында облустук профсоюздук иш-чара

         2016-жылдын  4-ноябры күнү Ноокен районунун  №16 Турусбеков атындагы орто  мектебинин,№44 М.Акчабаев атындагы  орто  мектебинин, №22 “Гулкайыр” бакчасынын базаларында “Кесиптик  уюмдун  мүчөлөрүн  эмгектерин  татыктуу  бааланышына  жетишейли!” темасында  облустук  профсоюздук  иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага билим жана  илим  кызматкелеринин  кесип бирлигинин Жалал-Абад облустук  комитетинин бөлүм башчылары А.Бегматов, З.Сулайманов, эмгекти коргоо боюнча техникалык  тескөөчүсү А.Бабакулов, Жалал-Абад  шаардык комитетинин  төрайымы З.Турганбаева, Майлуу-Суу  шаардык комитетинин төрайымы  Б.Жураева, ЖаМУнун төрагасы К.Болотбеков, райадминистрациянын  аппарат  жетекчиси М.Сулайманов,Масы, Ноокен  айыл  өкмөтүнүн башчылары, 91 кесиптик уюмдун  жетекчилери, райБББнун адистери,чакырылган мектептердин, бакчалардын директорлору катышты.

         Иш-чара 4бөлүк  менен болуп, 1-бөлүгундө №44 М.Акчабаев  атындагы  орто  мектепте  жана №22 “Гулкайыр” бакчаларында эмгекти коргоо жана  коопсуздук  иш-чаралардын аткарылышы менен жана №16 Ж. Турусбеков  атындагы орто  мектебинде  социалдык өнөктөштүк аркылуу кесиптик уюмдун мүчөлөрүн эмгектерин татыктуу бааланышына жетишкен  ийгиликтери менен таанышышты.

         2-бөлүгүндө “Тарых жана маданият  жылы” иш-чараларынын алкагында райондук профсоюздук уюмдун тарыхын чагылтырган  ВЦСПСтин 16-съездинин делегаты К.Алтаева жөнүндөгү “Өрнөктүү өмүр” видео  тасмасы көрсөтүлүп, К.Алтаеванын профлидерлерге каалоолору айтылды. РайКБКнын тескөөчүсү А.Айдаров мугалимдердин аттестациясы  боюнча электрондук вариантагы колдонмолор менен тааныштырып, суроолорго жооп берди.

         3-бөлүгү профсоюз кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган салтанатуу азем болду. Азем “Профсоюз кээчэ, бугун,келечекте” темасындагы видео  тасма берилди. Анда райондук профсоюз уюмдун профлидерлери, уюмдун иши  жөнүндөгү жетекчилердин жана катардагы  мугалимдердин ой пикиплери, сунуштары, каалоолору чагылтырылган. Тасмадан кийин мугалимдердин, окуучуулардын профсоюз майрамы менен куттуктаган программасы берилип, катышуучулардын маанайын көтөрүштү. Райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов кыскача маалымат берип катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Облустук комитетин жана райадминистрациянын өкүлдөрү куттукташып, алдынкы профлидерлерге сыйлыктарды жана  “Жалал-Абад” санаториясына жолдонмо тапшырышты.

        4-бөлүгүндө иш-чара катышуучулары үчүн майрамдык  концерт тартууланды. Иш-чаранын  катышуучулары майрамдык маанайда, келечекке бийик максаттарды белгилешип кайтышты.

Материалды  даярдаган  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.