Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик уюмдун лидери болгонума сыймыктанам

        Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Борбордук  Комитетинин демилгеси  менен    баштапкы  кесиптик  уюмдардын  төрагалары үчүн  2016 жылдын 10-14 июль  күндөрү  уюштурулган  Ыссык-Көлдөгү  республикалык  семинар  мен  үчүн  өзгөчө тасир  калтырды.

        Семинарда  Жалал-Абад  облусундагы  кесиптештерим  менен тажрыйба  алмашуу,   пикир  алмашуу  мүмкүнчүлүктөрү  түзүлдү.  Бизде  Борбордук  Комитетин  төрагасы  А.  Токтогулов,  обкомдун  төрагасы  А.  Исмаилов  жана  жооптуу  кызматкерлер  менен  жолугушуу  жана жолугушуу  учурунда  биздин   иштерибиз  боюнча  алардын  бизге  айткан  усулдук материалдарын  угуу  чоң жардам  берди. Бизге  окуп  үйрөнүү  менен  ыйык  көлүбүздүн  боюнда  эс  алуу  үчүн  шарттарды  жараткан  жогорку  жетекчилерибизге  ыраазычылыгыбызды  айтабыз.

        Асылбек  Токтогуловичке биздей  жөнөкөй  лидерлерге  көрүп  жаткан  камкордуктары үчүн  алкыштарыбызды  билдирип, “Акыйкат  коомду - күчтүү  кесиптик  уюмдар  курат!”  урааны   астында талыкпай  эмгектенип, ишенимди  актайбыз деп айта  аламын.   Мен  баштапкы  кесиптик  уюмдун лидери  болгондугума  сыймыктанам.

        Биздин    Ноокен  районунда  окуу жылынын  ичинде кароо-сынактар, мелдештер,  иш-чаралар өткөрүлүп,  жыйынтыктары  боюнча  ийгиликтерди  камсыз  кылган  билим  берүү  кызматкерлери  жайкы  эс  алуу  учурунда  эмгектерине  жараша эс  алышат. 2016-жылдын 18-19 июль  күндөрү  3-орундарга жетишкен 30  кесиптештерим  Аксы  районундагы  “Падыша-Ата”  эс алуу  жайында  жана  Ала-Бука  районундагы  “Сафед-Булан” тарыхый  мемориалдык  комплексинде  болуп  келишти.  Кесиптештерим  райондук  билим  берүү  бөлүмү  менен  райондук  комитеттин  жетекчилигине ыраазычыктарын билдирип, жаңы  окуу  жылында  жаңы  ийгиликтерге  жетүүнү   максат  кылышты.

2015-2016  окуу  жылынын  жыйынтыктары менен  3- орунду ээлегендер  жана  окуучулар, облустук  олимпиадаларда байгелуу  орундарды  камсыз  кылган  мугалимдер, Аксы районундагы “Падыша-Ата” эс  алуу  жайында  2-күндүк  эс  алууда  болушту.

Материалдарды  даярдаган: Ноокен  районундагы  №28  Ч.  Айтматов  атындагы  орто мектебинин  баштапкы  кесиптик  уюмунун  төрайымы,  республикалык  семинардын  катышуучусу. Султанова  Гулжамал Жоробаевна.