Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрамга карата КВН

         2016-жылдын 1-октябры күнү Ноокен  районунун  №26  Т.Анаркулов  атындагы орто  мектебинин    базасында «Мугалим-мөмөлү  дарак»   темасында  5-октябрь-Мугалимдердин  күнү  кесиптик  майрамга  карата мугалимдердин  арасында КВН иш-чарасы  өткөрүлдү. КВН  мектептин «Асылзат», «Кун-мугалим», «Мактоо» атуу мугалимдердин  3  командасы ортосунда кызуу,  атаандаштыкта өттү.  Командалар  саламдашуу, мугалимдик  кесипти  даңазалоо, кесиптин  оор –кыйшыктары, кесиптик  куттуктоолор  шарттарын  аткарышты.  Жыйынтыгында   “Асылзат”-1“Мактоо”-2, “Кун-мугалим”-3  орунду  ээлешти.    КВНге  райБББнун  адистери  калыстык  кылышты. Иш-чараны  райКБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров  жыйынтыктап,катышуучуларды  райБББ менен райКБК  тарабынан Арстанбап  пансионатына  эс  алуу  үчүн  жолдонмо  менен сыйлады.

Материалды даярдаган,  райБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.