Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрам кут болсун

19-октябрда  Билим  кызматкерлер  профсоюзунун Кемин  райондук  комитети  Кемин  районунун жалпы  билим  берүү  мекемелеринин  профсоюз комитеттеринин  төрайым, төрагаларынын катышуусунда  майрамдык кече  өткөрүлдү. Кечеде Кемин  районунун билим  кызматкерлер  профсоюзунун төрайымы А.Т.Чылабаева профсоюздун  төрайымдарын  кесиптик майрамы  менен  куттуктап, иштеги  жетишкендиктери үчүн Кызыл Октябрь орто  мектебинин  профсоюз  комитетинин  төрайымы М. Абдразаковага  Билим  берүү  Министрлигинин Ардак грамотасы, Кичи Кемин  орто  мектебинин профсоюз  комитеттинин  төрайымы  З.Рысалиева  Кемин  райондук  мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы, Байчечекей  Кемин  балдар  бакчасынын төрайымы Ч. Еркинбаева  Кемин  райондук билим  берүү  бөлүмүнун  Ардак  Грамотасы  менен  сыйланышты. Кеченин  катышуучулары профсоюздардын  жасап  жаткан  иштерине   терен  ыраазычылык  билдиришти.