Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик кошун – камкордук кылат бизге дайым

     Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2016-жылдын 30-июлунда болуп өткөн жаратылыш кырсыгы (сел) бир топ зыян алып келди.

    Селден зыянга учураган билим берүү кызматкерлери да бар экендигин селден эртеси күнү маалым болду. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров баардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага-төрайымдарына телефон чалып, ал абалын сурап, зыянга дуушар болушкан жумушчулардын тизмесин тактаганга жетишти. Албетте бул жаратылыш кырсыгы айтып келбейт эмеспи, зыянга учураган билим берүү тармагынын кызматкерлеринин тизмеси такталып, дароо эле Баткен областтык комитетке билдирилди.

     Төрага З.Н.Бөтөков бул кырдаалга кайдыгер карабай улам чалып, ал акыбалды сурап турду. Шаардын жетекчилиги да карап турбастан колдон келген жардамдарын берип жатышты, ӨКМнин кызматкерлерин, унаа техника каражаттарын ж.б.тиешелүү жумуштарды аткарышты.

      Ошол селдин кесепетинен шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров да жабыр тартты, үйүнө толугу менен сел кирип, буюмдарын, эмеректерин жана үйдүн дубалдарын зыянга учуратты. Бүгүнкү күндө алдын алуу чаралары бүт көрүлүп ӨКМ тарабынан чатыр тигилип берилди, ошол чатырда 4 баласы менен жашап жатышат.

      Баткен облустук комитеттин төрагасы 2016-жылдын 9-августунда Сүлүтү шаарына келип, селден зыянга учураган кызматкерлерге материалдык жардамын берип, абалынан кабар алды. Ага Кадамжай районунун кесиптик кошун комитетинин төрагасы А.Ю.Момошев жана Лейлек райондук комитеттин эсепчиси Ш.Тыныбековдор да катышышты.

      22 билим берүү тармагынын кызматкерлерине 1000 сомдон 22 000 сом жана К.С.Кудаяровго 5000 сом Областтык комитеттин эсебинен жана рай-шааркомдордон 21000 сом, ал эми 11 000 сом шаардык комитеттин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү.

      Кыйынчылык башка түшкөндө кабар алып, аз да болсо көңүл бөлүп жардам көрсөтүшкөндүгү үчүн жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлери З.Н.Бөтөкөвго, кабар алып колдоп келген Кадамжай райпрофкокому  А.Ю.Момошевге, Ш.Тыныбековго ыраазычылык билдирет. Эл жүгүн көтөргөн түйшктүү иштерине ийгиликтер каалашат.

Билим жана илим кызматкерлеринин

сүлүктү шаардык комитетинин катчысы:                                               Р.Нурматова