Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик уюмунун семинары максатына жетти

      2017-жылдын 9-февраль күнү Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүү үч жатак мектебинин базасында Кара-Суу зонасындагы  10 айыл аймагында жайгашкан 64 жалпы билим берүүчү мектептердеги баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары жана Ош зонасындагы өзбек тилинде окутулган 10 мектептин жетекчилеринин катышуусунда семинар-окуу өткөрүлдү.

     Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинде бүгүнкү күндө мүнкүнчүлүгү чектелген 172 окуучуга 115 мугалим –тарбичы жана техникалык кызматкерлер билим-тарбия беришүүдө.

     Семинардын темасы: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун кабинетин түзүү жана иш кагаздарды жүргүзүү жөнүндө.

     Баштапкы кесиптик бирлик уюмуну үчүн атайын кабинет ажыратылып берилген, каананын ичинде керектүү болгон көрнөк- жарнактар жасалып  илинген. Кесиптик бирлик уюмуна тийиштүү болгон иш кагаздар даярдалып файлдерге салынган, семинардын катышуучулары өздөрүнө керектүү болгон иш кагаздарды ксерокопиядан чыгарышып алып кетишти.

      Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо үчүн 2016-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен 15 млн сомго акыркы үлгүдөгү 12х30м спорт зал, Эл аралык фонддордун эсебинен 13 мин сомго мончо, кир жуучу жай жасалган (прачечный). Мындан тышкары 500 миӊ сомго ашкананын чатырын оӊдоо иштерине, жатаканага кроват, төшөнчү жана шейшептер алынган.

     Семинар түзүлгөн  программанын негизинде өтүлүп өз максатына жетти.