Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КЕСИПТИК БИРЛИК ТАРМАГЫНДАГЫ КӨП ЖЫЛДЫК ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы Жумаев Тургунбай кесиптик бирлик тармагында 15 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Бул тармакта жемиштүү иштегендиги үчүн ага Кыргызстан профсоюздар федереациясынын президиумунун  2015-жылдын декабрь айындагы чечими менен федерациянын эң жогорку сыйлыгы “Кыргызстан кесиптик бирликтеринин  алдында сиңирген эмгеги үчүн” ардактуу төш белгиси ыйгарылган. Бул сыйлыкты кесиптик бирликтин Баткен райондук комитетинин Президиумунун 2016-жылдын 29-январындагы жыйынында ээсине Баткен облустук кесиптик бирликтер кеңешинин төрагасы А.Казаков тапшырды. 

Жумаев Тургунбай өзүнүн эмгек жолун 1974-жылы Баткен районундагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектепте кыргыз тил, адабият мугалими болуп иштөө менен баштаган 1977-жылдан райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, инспектор, андан кийин райондук усулкананын башчысы болуп иштеп, педагогикалык   жетекчиликтин сырларына каныккан.

            1985-жылдан М.Салихов атындагы орто мектепке директор болуп которулуп, окутуунун жаңыча усулдарын үйрөнүп, практикалоого бүткүл педагогикалык жамааттын көңүлүн бурду. Мектепте анын түздөн-түз жетекчилиги жана демилгеси менен 1989-жылдан айрым предметтерди тередетип окутуучу класстар, 1991-жылдан гимназияга өтүү боюнча райондогу алгачкы эксперименталдык аянтча уюштурулуп, анын натыйжасында 1994-жылы Самаркандек гимназия мектеби ачылды. Азыр бул гимназия  мектеби облустагы алдыңкы катардагы гимназиялардын бири.  Ал жетектеген жылдары мектепти аяктаган окуучулары мектеп жетекчилери, алдыңкы педагог, врач, финансы кызматкерлери, илимпоз ж.б. катары түрдүү тармактарда  үзүрлүү эмгектенип жатышат. Мектеп ишин уюштуруу боюнча азыр да кесиптештерине өз тажрыйбасынан бөлүшүп келет.

            2001-жылдын март айынан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал төрага болуп иштегенден бери  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын активдүүлүгү артып, таасирдүүлүгү өстү. Райондук комитет, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртып, укуктук кызыкчылыктарын коргоо багытында мыйзам ченемдүү иш жүргүзүшүүдө. Айыл өкмөттөрүнүн жана райондун деңгээлинде эки жана үч тараптуу  келишимдер түзүлүп, алардын аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылып турат. Алдыңкы баштапкы уюмдардын, анын алдыңкы төрагаларынын натыйжалуу иш тажрыйбаларынын базасында райондук, облустук дегээлдеги семинарлар уюштурулат.

            Жөнөкөйлүүлүгү, чынчылдыгы, иштин көзүн билип, жигердүү аракеттениши, адамгерчилик сапаттары менен педагогикалык жамааттардын арасында кадыр-барктуу. Райондук жана облустук деңгээлдеги коомдук иштердин активдүү катышуучусу. Райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын, облустук кесиптик бирликтер кеңешинин, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин, ошондой эле Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Борбордук комитетинин мүчөсү.

            Билим берүү жана кесиптик бирлик тармагындагы  жемиштүү эмгеги эске алынып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик кыймылынын мыктысы» Ардак белгиси менен сыйланган. КРнын билим беруу жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин чечими менен «2005-жылдын мырзасы» ардактуу наамына татыктуу болгон. Мындан тышкары 2009-жылы Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы, 2010-жылы Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук  комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков  кесиптик бирликтин райондук комитетинин президиумунда Жумаев Тургунбайды ардактуу сыйлыгы менен куттуктап ишине ийгилик каалады.  

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик

 бирлигинин Баткен облустук комитетинин жетектөөчү адиси                                              К.Акимов

 

 Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

 бирлигинин Баткен райондук  комитетинин жетектөөчү адиси                            Б.Абдыразакова