Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик майрам белгиленди

Жалал-Абад областынын Сузак районунда райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин демилгеси менен 2023-жылдын 5-октябрында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Кесиптик майрамга арналган иш-чарага 390 адам чакырылды, билим берүү кызматкерлеринин майрамы менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Ж.Сыдыкназаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиев, айыл өкмөт башчылары куттукташып, өздөрүнүн сыйлыктарын тапшырышты.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамоталары тапшырылып, майрамдык иш чаранын катышуучуларына сый тамак берилди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин адиси М.Примкулов