Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз!

Ноокен районуна караштуу Ж.Ниязов атындагы көмөкчү-жатак мектебинде 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өттү. Анда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы техникалык инспектору А.Ч.Айдаров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Олжабаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов келип катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектепке тартылган доолбоорлор менен таанышышып, балдарга жана кызматкерлерге түзүлүп жаткан шарттарга күбө болушту. Жетекчилер жамааттын ишине ийгиликтерди, алдындагы максаттарын ишке ашырууда күч кубат, ынтымак каалашып, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы А.Исмаиловдун атынын куттукташып, акчалай колдоосун тапшырышты.

Кесиптик бирлик комитети ар дайым өз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыгын коргоп, моралдык, материалдык жана юридикалык  жактан колдоп келген.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жетекчилерине өзүмдүн атымдан, Ж.Ниязов атындагы көмөкчү-жатак мектебинин жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз!

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Ниязов мектебинин директору Э.Абдурахманов