Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети билим таймашын өткөрдү

2023-жылдын 20-декабрында Баткен областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети жана шаардык билим берүү бөлүмү менен биргелешкен иш планынын негизинде, билим берүү мекемелеринин директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрайымдарынын катышуусунда "Брейн- Ринг" интеллектуалдык оюнунун шаардык туру өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты катышуучулардын укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук- ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдарынын лидерлик сапаттарын көтөрүү, билим берүү тармагындагы укуктук- ченемдик актылар менен иш алып баруусун активдештирүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын билүүсүн жогорулатуу болуп саналат.

"Брейн-ринг" билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдарынан түзүлгөн "Ынтымак", "Билим-илим" жана "Интеллигент" командаларынын ортосунда мелдеш катары 2 баскычта өткөрүлдү.

- 1-баскычта ар бир командага 6дан суроо, атайын ВордВолл программасы аркылуу экранда көрсөтүлүп, катышуучулар жоопторун жооп барагына жазып аягында калыстарга тапшырылды.

- 2-баскычта жалпы командага 15 суроо берилип, ар бир команда жоопторду атайын жооп барагына жазышып калыстар тобуна берилди.

Жыйынтыгында 1 баллдык система менен женүүчүлөрдү аныкташып,  "Ынтымак" командасы I орунду, “Билим-Илим” командасы II орунду жана “Интеллигент” командасы III орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөр Кесиптик бирликтин  Сүлүктү шаардык комитетинин тиешелүү даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Иш-чарага Сүлүктү шаарынын вице-мэри Б.И.Тагаев катышып, катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктады жана кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяровго ыраазычылыгын билдирип, кийинки иш-чараларга сунуш-пикирин билдирип өттү.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар Билим жана илим кызиаткерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирлиrnby Сүлүктү шаардык комитети