Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик уюму - жамааттын таянычы

Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында жайгашкан №42 “Нур-Айым” балдар бакчасында кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин иш планынын негизинде балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине райондук семинар өткөрүлдү.

Анда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, техникалык инспектору Т.Бакиров жана райондогу бакчалардын профкомдору катышты.

Алгач №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын профкому Ж.Тешебаева 2022-23-окуу жылында аткарылган иштери, жетишкен ийгиликтери боюнча презентация жасады. Эске салсак кесиптешибиз Ж.Тешебаева 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети жарыялаган “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ишин чагылдыруу максатында социалдык тармактар үчүн жарыяланган сынакта  Гран-принин ээси болгон.

Андан соң кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер жана профсоюздук кружоктор боюнча маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө райондук кесиптик бирликтин техникалык инспектору Т.Бакиров баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында отчетук кайра шайлоо чогулуштарды даярдоо жана өткөрүү боюнча презентация жасап, усулдук материалдар менен бөлүштү жана суроолорго жооп берди.

 

№42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын Жаштар Кеңешинин төрайымы Динара Джумалиева