Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусу жакшы өттүдө

Билим берүүчү уюмдарында эмгектенген кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуу жайларына барып келүүсү уланып, эс алуулары жакшы өттүдө.

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан Ж.Сулайманкулов атындагы №8 орто мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү Кара-Көл шаарынын пансионатында эс алып келишти. Кара-Көл шаарынын эс алуу пансионаты тегереги тоолор менен курчалган кооз жерде жайгашкан.

Ошондой эле, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында жайгашкан Б.Осмонов атындагы №6 гимназия мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү Өзгөн районунда жайгашкан Кара-Шоро улуттук паркында жайкы эс алуусун өткөрүшүп, дем алып келишти.

Кыргызстанда эс алуу үчүн жакшы жерлер көп, анын ичинде Кара-Шоро эс алуу жайы кенен жайлоо, таза аба, дары болгон Кара-Шоро суусу менен белгилүү.

Мектептин педагогдору эс алууга барып келүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов