Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кесиптик бирлик кыймылын окуу-кружоктору аркылуу активдештирүү” долбоору старт алды

2023-жылдын 29-октябрында КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин демилгеси менен "Кесиптик бирлик кыймылын окуу-кружоктору аркылуу активдештирүү” долбоору боюнча аймактык семинар Чүй областында башталды.

Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, борбордук комитеттиин жооптуу кызматкерлери, Чүй областындагы райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрага-төрайымдары жана кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү катышышты.

Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов бул семинар “Кесиптик бирлик тарабынан социалдык шериктештикти күчөтүү-бүгүнкү күндүн негизги талабы” экендигин баса белгиледи.

Семинардын негизги максаты аймактардагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага-төрайымдарынын дареметин жогорулатуу, кесиптик бирликтин кыймылын жандандыруу менен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук, эмгектик жана социалдык кызыкчылактарын коргоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган семинар Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан Республиканын ар бир областында өткөрүлмөкчү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети