Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик катары чыңдалууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” жарлыгына ылайык Жалал-Абад шаарында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

2023-жылдын 30-январында кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевдер Жалал-Абад шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Гулбарчын Таштанбекова кесиптик бирлик маселеси боюнча жыйын өткөрүштү.

 

Анда төрага М.Мамасыдыков аймактык реформага байланыштуу Сузак районунан өтүп жаткан социалдык мекемелерде эмгектенип жаткан билим берүү кызматкерлерине жакшы шарттарды түзүү менен үч тараптуу макулдашууга өзгөрүү киргизүү, макулдашууну кайра түзүү маселесин койду.

Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 26 бала бакча жана 3 мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде жалпы 2262 кесиптик бирлик мүчөсү болсо, Сузак районунан 8 мектеп, 2 бала бакчадан  573 кесиптик бирлик мүчөсү кошулуу алдында турат.

Жергиликтүү бийликтен ар бир мугалимге коммуналдык чыгымдарына ай сайын 500 (беш жүз) сомдон, ал эми билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 2000 (эки миң) сомдон сый акы бөлүнүп келет.

 

Маалыматты даярган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети