Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик иш тажрыйбасы

2024-жылдын 30-январында Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети  мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы баштапкы профсоюз уюмунун жетекчилеринин семинарын өткөрдү. Семинар №90 Манас атындагы орто мектебинин актовый залында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин жылдык иш-планына ылайык төрага М.М.Примкуловдун жетекчилиги астында уюштурулду. Семинарга Сузак районуна караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик бирликтеринин жетекчилери катышышты. Семинар “Баштапкы кесиптик бирликтердин профсоюздук кабинетин, эс алуу бөлмөсүн уюштуруу жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча тажрыйба” аталышында уюштурулду. Катышуучуларга Сузак райондук профсоюз комитетинин төрагасы жана эмгекти коргоо боюнча техникалык инспектору Н.Урайимов профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жана алардын эмгектик укуктарын коргоо боюнча кеңири түшүндүрүштү. Ошондой эле катышуучулардын кесиптик бирлик иши боюнча кызыктырган жана түшүнбөгөн түрдүү суроолоруна жооп беришти жана алардын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укугун жана кызыкчылыгын коргоо, ден соолуктарын чыңдоо иштеринде ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук кесиптик бирлик комитети