Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Кесипкөй мугалим"

2020-жылдын 8- декабрь күнү, Баткен областтык окуу усулдук борбору тарабынан уюштурулган "Кесипкөй мугалим" конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Лейлек районунун намысын коргоп 14 мугалим алдыңкы орундарга ээ болуп, тиешелүү сыйлыктарын алышты. Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук каананын башчысы Назипат Эралиева мугалимдерибизди жетектеп облусубуздун борбору Баткен шаарына барып келди. Урматтуу мугалимдер сыйлыгыӊыздар кут болсун! Ошондой эле, областтык профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышып, Баткен шаарына барып келүү жол  чыгымдары Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан төлөнүп берилип, катышуучулар профсоюз комитетинин камкордугуна тереӊ ыраазычылыгын билдиришти.

Марина Сагалиева